Орусиянын аскерлери Чернобыль АЭСин басып алышты

Орусиянын аскерлери Чернобыль АЭСин басып алышты

24-февраль күнү кечинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Украинанын премьер-министри Денис Шмигалга шилтеме кылып кабарлады.

«Айыгышкан кармашка карабай Чернобыль аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, АЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Бул жер учурда Европадагы эң олуттуу коркунучтардын бири болуп калды», — деди ал.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыль АЭСин алууга аракет жасап жатышканын билдирген. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскерткен.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачкан. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырган. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырган.

Украинанын борбору Киев баштаган бир катар шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты алгач жашырып-жаап, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>