Кечээ, 29-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен видеоконференцияга катышты. Иш-чарага КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломаттары да катышкан. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушуу КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүү жана ишке орношуу тартибин түшүндүрүү максатында уюштурулган. Анда мигранттардын кирүү жана чыгуусунун жаңы эрежелерин апробациялоо боюнча эксперименттин экинчи этабы талкууланган.
Жаңы эрежелерге ылайык, ушул жылдын 30-июнунан тартып Орусияга визасыз режимде кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, Орусияга баруунун алдында 72 сааттан кечиктирбестен “RuID” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берип, каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Ал эми, 6 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдар үчүн ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү арыз бериши керек. Балдар үчүн мындай арыз берүүдөн мурун, ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр алгач Орусияга кирүү үчүн “RuID” мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү катталышы керек.
«Орусиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, “RuID” тиркемеси чет өлкөлүк жарандар үчүн “Госуслуги” порталынын аналогу жана алты тилде болот, анын ичинде кыргыз тилинде да жеткиликтүү болот. Тиркемени иштеп чыгууну 20-июнга чейин аяктоо пландаштырылууда. Арыз берүү үчүн уюлдук телефонго “RuID” тиркемесин орнотуп, жеке жана паспортук маалыматтарыңызды киргизип, сапарыңыздын датасын жана максатын, Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен, сүрөтүңүздү жүктөшүңүз керек. Арыз берилгенден кийин атайын QR коду келет, алынган QR код Орусияга кирип жатканда көрсөтүлүшү керек»,- деп билдирди ТИМ.
Мындан тышкары, тиркемеде Орусияга кирүүгө тыюу салынган/салынбаганын текшерүү функциясы да жеткиликтүү болот (“кара тизме”).
“RuID” тиркемесинде катталуу, ошондой эле, чет өлкөлүк жарандын санариптик профилин түзүү үчүн зарыл, “RuID” тиркемесинде катталган жаран мамлекеттик жана башка кызматтарды электрондук форматта алууга, анын ичинде жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номерин (СНИЛС), ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин (ДМС) тариздөөгө, ошондой эле россиялык SIM-картаны алууга мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү жагдай, жарандын “RuID” тиркемесинде каттоосу жоктугу Орусияга кирүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.