ОСАГОну 5 мүнөткө алуунун кереги барбы? Жаңы өзгөртүү киргизүү пландалууда

ОСАГОну 5 мүнөткө алуунун кереги барбы? Жаңы өзгөртүү киргизүү пландалууда

Кыргызстанда ОСАГО полисин унаанын жаңы ээсине өткөрүүгө жол берген өзгөртүүнү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмнан кабарлашты.

Аталган уюм билдиргендей, ОСАГО тууралуу мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Мыйзамдын 32-беренесине ылайык, ал 2019-жылдын 7-февралдан тарта колдонула баштаган. Бирок ОСАГОсу жок жарандарга айыппул салуу тууралуу норманы киргизүү 2025-жылдын 1-январына жылдырылган. Ошол эле учурда мыйзам бүгүнкү күнү иштеп жатат.

Өкмөт 9-августта чыгарган токтомго ылайык, августтун аяктарынан тарта унааны каттоодо жана кайра каттоодо ОСАГО полисин алуу милдеттүү болгон. Эми жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ОСАГО полисин унааны сатып алган адамга өткөрүүгө жол берген өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин бир топ жарандар унааны сатып жатканда ОСАГО полисин бир аз гана убакытка аларын, саткандан кийин ал жараксыз болуп каларын жана унаанын жаңы ээси да ОСАГО полисин аларын айтып чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев ОСАГОну унаанын жаңы ээси алышы керектигин билдирген.

Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы?

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>