Бүгүн, 24-июнь күнү саат 19:27де Куткаруу кызматына Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги айтылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жерине куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, өз жанын кыюуга аракет кылган кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.
Такталган маалыматка ылайык, куткарылган кыз 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталды.