Ош шаарында 30 жаштагы аял бийиктиктен секирип, өз өмүрүн кыяууга аракет жасады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Салиева көчөсүндө жайгашкан №41 үйдө жайгашкан батирдин терезесинде 1992-ж.т. О.М аттуу аял (психикалык орулуу) терезеден секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып жогоруда аталган аялды терезеден түшүрүп туугандарына жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.