“Ош” аэропортун жаңылоодо өлкөгө 3,4 млн сом зыян келтирилген

“Ош” аэропортун жаңылоодо өлкөгө 3,4 млн сом зыян келтирилген

«Ош» эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропортто 2019-2020-жылдары перронго жаңы материал төшөө жана байланыш тармагын жаңылап чыгуу учурунда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды.

2020-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын январь айына чейин «Манас» жана «Ош» аэропортторунун айрым кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тиешелүү документтери туураланбай туруп кабыл алынган.

Текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3 миллион 400 миң сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган.

Бул факты 320-берене «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана 233-берене «коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» менен каттоого алынып, УКМКга өткөрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>