«Ош» эл аралык аэропортунда Россияга багыт алган эки каттамдын учуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу «»Манас» эл аралык аэропорт» ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка караганда, коюу тумандан улам учактар уча албай жатышат.
Аэропортто (2448) Ош – Жуковский жана (2734) Ош- Санкт-Петербург каттамдары кармалууда.
Андан тышкары Стамбул менен Москвадан учуп келген учактар Ошко коно албай, «Манас» аэропортуна жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абад аэропортун туман каптап, Бишкектен барган учак Ошко конгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз