Жапаров Путинди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктадыОш шаарында сары автобустар окуучуларды акысыз ташый баштады«Кызгылт октябрь»: аялдар эмчек рагы жөнүндө эмнелерди билиши керек?Кыргызстанга чет элдик инвестициялар 2025-жылы 22%га өстүАбдибаева сөздөрү атайылап бурмаланганын айтып, УКМКга кайрылганын билдирдиНарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды
«Ош» аэропортунда Россияга уча турган каттамдар кармалууда
27.02.2024 | 09:28
«Ош» эл аралык аэропортунда Россияга багыт алган эки каттамдын учуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу “”Манас” эл аралык аэропорт” ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка караганда, коюу тумандан улам учактар уча албай жатышат.
Аэропортто (2448) Ош – Жуковский жана (2734) Ош- Санкт-Петербург каттамдары кармалууда.
Андан тышкары Стамбул менен Москвадан учуп келген учактар Ошко коно албай, “Манас” аэропортуна жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абад аэропортун туман каптап, Бишкектен барган учак Ошко конгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом