Ош облусунун Араван районунда «Азаттык» саясий партиясынын баннерин тытып кетишкен. Учурда бул окуя териштирилип жатканын жергиликтүү милиция кабарлады.
Маалыматы боюнча, 10-ноябрда саат 08:22 чамасында Араван районунун борборунда «Азаттык» партиясынын плакаты жыртылып калганын милициянын участкалык тескөөчүсү, милициянын майору Ж.А. телефон аркылуу Араван райондук милицияга кабарлаган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, тергөө тапшырмалары берилип, плакат кандай жагдайда жыртылганын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.