Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланат
Ош: Араванда “Азаттыктын” баннерин тыткандарды милиция издеп жатат
12.11.2021 | 13:17
Ош облусунун Араван районунда “Азаттык” саясий партиясынын баннерин тытып кетишкен. Учурда бул окуя териштирилип жатканын жергиликтүү милиция кабарлады.
Маалыматы боюнча, 10-ноябрда саат 08:22 чамасында Араван районунун борборунда «Азаттык» партиясынын плакаты жыртылып калганын милициянын участкалык тескөөчүсү, милициянын майору Ж.А. телефон аркылуу Араван райондук милицияга кабарлаган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, тергөө тапшырмалары берилип, плакат кандай жагдайда жыртылганын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат