Ош, Баткенге билет качан арзандап, учактар үзгүлтүксүз учуп баштары айтылды

Ош, Баткенге билет качан арзандап, учактар үзгүлтүксүз учуп баштары айтылды

Сентябрдан тарта «Манас» аэропортунун карамагындагы «Асман эйр» авиакомпаниясынын учагы Ош, Баткен жана Жалал-Абадка учуп баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында «Манас — эл аралык аэропорту» ААКсынын президентти Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, «Асман эйр» Канададан сатып алган 2 учак тоолуу аймакка ылайыкташтырылып, заводдо техникалык кароодон өтүүдө.

«Ал учактар май айында келмек, бирок кошумча техникалык жабдууларды орнотуу керек болду. Азыр бизде кычкылтек чыгара турган борбор куруу зарыл болуп турат. Буйруса, сентябрь айында бирөөсү келет. Аны 28-сентябрдан тарта каттамга чыгарабыз», — дейт Манасбек Самидинов.

Ал «Манастын» авиакомпаниясынын учагынын билеттери арзаныраак болорун белгиледи.

«Азыр Tezjet компаниясынын бир учагы гана учуп, бирөөсү оңдоодо турат. Алар жеке компания болгондуктан биз билет баасына кийлигише албайбыз. Өзүбүздүн «Асман эйрдин» билеттери арзаныраак болорун ишенимдүү айта алам. Мындай баа болбойт. Анткени Садыр Нуркожоевич компаниянын кирешеси аз болсо дагы, элге шарт түзүү тапшырмасын койгон. Бирок алгач баалар өтө эле арзан болбойт, себеби биз чет өлкөдөн учкучтарды тартып жатабыз. Алардын айлыгы кымбат болгондуктан чыгым көбүрөөк кетет», — деди ал.

Манасбек Самидинов аймактык аэропорттор ар дайым дотацияда болорун, бирок авиакомпаниялар киреше таап келе жатканын айтты.

«Совет мезгилиндеги каттамдай кылабыз. Мисалы, Таласка учуп, ал жактан жүргүнчү алып, Жалал-Абад же Ошко учат. Ошондо биз ички каттамдардын чыгымын толук жаба алабыз. Негизи ички рейсттар дагы рентабелдүү», — дейт ал.

Белгилей кетсек, учурда «АККА» компаниясына таандык болгон Tezjet гана аймактарга учат. Ал билет баасын даттанууларга карабай арзандатпай, каттамдары дагы бат-бат үзгүлтүккө учурап турат.

Раззаковго учак учуп баштады, бирок баасы арзандаган жок

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>