Ош-Бишкек жолу: Кырсыктан 22 киши жараат алды. Алардын абалы

16.11.2021 | 17:21

Ош облусунун ооруканаларына ар түрдүү жараат менен 15 киши түштү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 7 адам оор абалда жаткырылды. Ал эми нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө 2 бейтап дарыланууда. Алардын абалы орто делип бааланууда. Шаардык клиникалык бейтапканага 1 жабырлануучу жеткирилген, анын абалы орто.

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын балдар клиникалык ооруканасына 2 бала жаткызылган. Булардын абалы оор.

3 жабырлануучу биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Андан  7 киши жеринен каза болуп, 22 киши жараат алды.

Ош-Бишкек жолу: Үч унаа кагышып, 7 киши мерт кетти

Scroll to Top