Ош мэриясы мыйзамсыз жер сатып мамлекетке 70 млн сом зыян келтирген

Ош мэриясы мыйзамсыз жер сатып мамлекетке 70 млн сом зыян келтирген

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык мэриясы тарабынан мамлекетке келтирилген 70 млн сомдон ашуун зыянды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын вице-мэринин токтому менен Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25,0 га муниципалдык жер аянты жеке менчик ишканага мыйзамсыз сатылган.

Жер тилкесин  «Кыргыз Текстиль ЛТД»  ишканасы түз сатуу жолу менен 2 млн. 500 миң сомго алган.

Ош шаардык прокуратурасы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин актысынан кийин текшерүү жүргүзгөн. Агы ылайык, базар баасы 72 млн. сомду түзөөрү аныкталып, айрымасы болуп 69 млн. 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 млн. 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган.

Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 320-бер. 2-бөл. (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен тергөө иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>