ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүнПрезидент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталды
Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат
03.12.2025 | 14:32

Ош шаардык мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда мэрия жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле имараттын чатырына күн панелдери менен орнотулат. Бул энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жасалууда.
Эске салсак, буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын чатырына жалпы кубаттуулугу 150 кВтты түзгөн заманбап күн панелдери орнотулган. Панелдер 75 кВт электр энергиясын иштеп чыгып, алардын ичинен 35 кВт энергия түздөн-түз ишкананын ички керектөөлөрүнө жумшалып жатканы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом