Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 16-августка караган түнү саат 03:36да болгон.
Жер титирөө Араван районунун Араван, Көчүбаев, Мангыт, Жаңы-Араван айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз