Бишкек: Кафедеги жарандын сабалышы боюнча териштирүү жүрүүдө

Бишкек: Кафедеги жарандын сабалышы боюнча териштирүү жүрүүдө

Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги жарандын сабалышы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-августта райондук милицияга О.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Сухэ-Батор көчөсүндөгү кафелердин биринде болжол менен саат 23:00до белгисиз адамдар аны сабаганын билдирген.

Бул факт милицияда каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына 30 жаштагы М.С., 25 жаштагы М. Э. жана 28 жаштагы М. Э. жарандары жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин «Инстаграмдагы» BespredelKG баракчасына окуянын видеосу чыккан. Видеонун алдындагы постто сабалган жарандын жубайы, 3-августта кафеде отурганда, белгисиз адамдар улутуна асылып, күйөөсүн эч себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Ошондой эле аталган окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылгандарын, бирок алар ишти карабай жатканын жазган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>