Ош облусунун башчысы пахта терүү иштери менен таанышты

Ош облусунун башчысы пахта терүү иштери менен таанышты

Кечээ, 14-октябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов иш сапары менен Кара-Суу районуна барды. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгү билдирди.

Иш сапардын алкагында ал райондогу пахта терүү, күздүк үрөн себүү иштерин жеринде көрдү. Облус башчысы дыйкандар менен сүйлөшүп, аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирип, кийинки жылы Ош облусунун аймагында пахта аянтын кеңейтүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Былтыркы жылы Ош облусунда 9 миң 800 гектар аянтка пахта айдалган болсо, быйыл 11 миң гектарга жакын аянтка пахта айдалды. Учурда пахта жыйым иштери кызуу жүрүүдө, дыйкандар үчүн шарттар түзүлүп, Кара-Суу районунда 5 пахтаны кайра иштетүүчү завод иштеп жатат. Кийинки жылы пахта аянтын дагы 2 миң гектарга чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз», — деди Жамалдинов

Ошондой эле, облус башчысы Кашкар-Кыштак айылындагы «Индустриялык-логистикалык борбордун» курулуш иштери жана Жоош айыл өкмөтүндө жаңыдан ишке кирген «Ак Текс» пахтаны кайра иштетүүчү заводу менен таанышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>