Россия менен Украина кезектеги ирет туткундарды алмашты

Россия менен Украина кезектеги ирет туткундарды алмашты

Россия менен Украина 20дан туткундарын алмашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Андрей Ермак билдирди.

Анын айтымында, бошотулган украиналыктардын арасында 14 аскер кызматкери, аймактык коргонуу топторунун төрт мүчөсү, Улуттук гвардиянын бир жоокери жана деңиз күчтөрүнүн бир аскери бар.

Туткундардын бир бөлүгү оккупацияланган Донецк облусунда кармалып турса, башкалары Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында болушкан.

Россиянын Коргоо министрлиги бул алмашууну ырастап, бирок башка маалымат берген жок.

Тараптар акыркы жолу 11-октябрда туткундарды алмашканы кабарланган. Анда украин тарап 32 киши бошотулганын, ошондой эле израилдик Дмитрий Фиалканын сөөгүн алганын билдирген.

Буга чейин Россия менен Украина 22-сентябрда ири алмашуу өткөрүшкөн. Анда Киев 215 кишини, анын ичинде «Азов» батальонунун жоокерлерин алып, ордуна россиячыл саясатчы Виктор Медведчукту жана 55 аскер кызматкерин өткөрүп берген. Бул алмашууга Түркия ортомчу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>