Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча Элдик курултай өтүүдө

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча Элдик курултай өтүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси боюнча Элдик курултай өтүүдө.

Жыйынга катышып жаткандар Өзбекстандын суу сактагычтын суусун колдонушуна каршы эместигин айтып, бирок анын алдындагы жер Өзбекстанга берилбеши керектигин белгилешүүдө.

Курултайга катышууга өлкөнүн аймактарынан жарандар, активисттер, саясатчылар жана Жогорку Кеңештин депутаттары келген.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>