Кара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылды
Ош шаарына 10 жаңы мектеп курулат
10.02.2026 | 14:49

Быйыл, 2026-жылы, Ош шаарына 10 жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
10-февралда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев жана курулуш министри Нурдан Орунтаев курула турган мектептер боюнча жыйын өткөрүштү. Анда мектептердин долбоору, жер тилкелери, инфраструктурасы жана курулуш этаптары талкууландв. Жетекчилер курулуш жүрө турган аймактарды жеринен көрүп чыгышты.
Мектептер республикалык бюджеттин эсебинен курулат. Долбоордун алкагында С. Жигитов (мурдагы К. Маркс) жана М. Ломоносов атындагы мектептердин имараттары бузулуп, кайра тургузулат.
Курулуш иштерин 2026-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү жана мектептерди пайдаланууга берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом