Дастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталууда
Ош шаарында жаңы эс алуу багы ачылды: Барпы Алыкулов атындагы парк колдонууга берилди
05.10.2025 | 16:20

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы иш-чаранын башында символикалык боону чечип, жаңы паркка расмий түрдө старт берди. Андан соң ал аймактын көрктөндүрүлүшү жана шаар тургундары үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парк 26 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.
Бул жер буга чейин кароосуз калган аймак болгон. Эми болсо жаңы паркта воркаут-зона, балдар аянтчасы, мини-футбол талаасы, унаа токтотуучу жай жана башка ыңгайлуу шарттар бар.