Бишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болот
Түндө Чаткал менен Таласта жер титиреди
06.10.2025 | 09:17
Өткөн түнү Чаткал районунда жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 6-октябрга караган түнү саат 02:29да катталган. Силкинүү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.