КМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетиштиЖогорку Кеңеш Кыргызстандын аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн насыяны жактырдыОш облусунда 300 миллион долларга кичи ГЭСтердин каскадын куруу пландалуудаКыргызстандын куралдуу күчтөрү глобалдык дүйнөлүк рейтингде 109-орунду ээледиЧыңгыз Айтматовдун карындашы классиктин мааракесине карата масштабдуу салтанаттарды өткөрбөөнү сунуштадыОкуучуларды бир мектептен экинчисине которуу процесси санариптештирилет
Ош шаарынын айрым райондорунда муздак суу өчүрүлдү
18.03.2022 | 10:12
Ош шаарынын айрым райондорунда муздак суу өчүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын Фейсбуктагы расмий баракчасы жарыяланды.
Белгиленгендей, катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Юго-Восток жана Туран кичи райондорунда, КХБК аймагында, Достук жана Калинин конуштарында таза суу токтотулган.
Шаар тургундары ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 105, 81115, 81151 жана 0553200105 телефондору аркылуу кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом