Патрулдук милиция кызматкери мотоциклченди тапанча менен коркутту (ВИДЕО)

Патрулдук милиция кызматкери мотоциклченди тапанча менен коркутту (ВИДЕО)

Бишкекте Патрулдук милиция кызматынын кызматкери мотоциклдин айдоочусун тапанча менен коркуткан. Видеону активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жарыялады.

Ал видеодон мотоциклдин айдоочусу кармалганын көрүүгө болот. Ошол эле маалда милиция кызматкерлеринин бири ага тапанча такады.

Мотоциклдин айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармалганын ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы Reporter.kg′ге билдирди.

«Милиция кызматкерлери мотоциклдин айдоочусун Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтотууга аракет кылышкан, бирок ал качып кеткен. Ал айдоочусу 12-кичи райондон кармалды. Ал мас абалында болгон, аны экспертиза тастыктады. Мас абалында рул башкаргандыгы жана Кайгуул кызматынан качкандыгы үчүн 5 протокол толтурулган.  Айдоочуга тапанча такаган милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды», — дешти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>