Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Ош– Стамбул– Ош түз аба каттамы ачылды
01.10.2021 | 17:13
Бүгүндөн тарта Ош– Стамбул– Ош түз аба каттамы ачылып, биринчи жүргүнчүлөрдү Ош эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Каттамды Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы жүргүзөт. Жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен Ошко 130 жүргүнчү келди.
Эске салсак, аталган каттам сегиз жылдан кийин кайра жанданды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом