Бишкектеги унаа жуучу жайда айдоочу люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп кетип, ал каза болдуБишкектин Новопавловка айылынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталуудаЖаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилди
Ош– Стамбул– Ош түз аба каттамы ачылды
01.10.2021 | 17:13
Бүгүндөн тарта Ош– Стамбул– Ош түз аба каттамы ачылып, биринчи жүргүнчүлөрдү Ош эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Каттамды Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы жүргүзөт. Жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен Ошко 130 жүргүнчү келди.
Эске салсак, аталган каттам сегиз жылдан кийин кайра жанданды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом