Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ош: Учар айылында жаңы бала бакча ачылды
21.12.2022 | 11:18
Ош облусунун Кара-Суу районуун Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бала бакчанын ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышкан.
“Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 млн 355 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, техникалык жана эмерек жабдуулары менен жабдылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом