Мектептердеги карантинди узартуу сунушталды

Мектептердеги карантинди узартуу сунушталды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштады.

Соңку күндөрү өлкөдө сасык тумоо менен ооругандар, анын ичинде балдар арасында сыркоологондор көбөйгөн.

«Ооруп жаткандардын ичинен балдардын саны 68,7%тен 72,6%ке көбөйгөнүнө байланыштуу мектептердеги карантиндин мөөнөтүн узартуу, онлайн окутууну улантуу жана балдардын билим берүү жайларын 30-декабрга чейин жабуу тууралуу Билим берүү министрлигине кат жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги карантинге байланыштуу кандай чечим кабыл алынарын жарыялай элек.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча мектептер 16-декабрдан тарта карантинге жабылып, окуучулар  онлайн окууга өткөн.

Кыргызстандагы бардык мектептер онлайн окутууга өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>