Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 07:48де жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Ордо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 15:18де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкиниши Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма, Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>