Ошко Москвадан 325 кыргыз жараны учуп келди

Ошко Москвадан 325 кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиалиниясынын» «Москва – Ош» маршруту боюнча Россиядан Кыргызстандын 325 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул каттам Кыргызстан жана Россиянын тышкы саясый ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча Президент жана Өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылган.

Каттамда орундуктар чектелүү жана келүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Москва шаарындагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>