“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) — 2023” Эл аралык рейтингинде Ош мамлекеттик университети алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган рейтинг боюнча биринчиге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, экинчиге Россиянын Финансы университети, үчүнчүгө Ош мамлекеттик университети чыкты.
“IAAR Eurasian University Ranking – 2023” эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайжан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстандын университеттери катышты.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети – 2022-жылы Кыргызстанда өзгөчө макам алган беш университеттин бири.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз