ОшМУ «Студент» аттуу сериал тартууда

ОшМУ «Студент» аттуу сериал тартууда

Ош мамлекеттик университети «Студент» аттуу сериал тартууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Сериалды тартуу иштери Ош облусунун Кара-Суу районунда жүрүүдө. Тасма ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун киноакадемиясынын чыгармачылык жамааты тарабынан тартылууда.

Сценарийди аталган институттун директорунун орун басары Дамир Ыразаков жазган. Анда мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырууну кыялданган абитуриенттердин окуясы, ОшМУдагы студенттик кези, кызыктуу күндөрү көрсөтүлөт. Тасма сегиз сериядан турат.

«Сериалдагы актердук курам ОшМУнун институт жана колледжедеринде билим алган студенттерден түзүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, режиссер Назым Мендебаиров да роль ойнойт», — деп билдирет окуу жайдын басма сөз кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>