Ошто 11 жаштагы жээнин зордуктаган адам 15 жылга соттолду

Ошто 11 жаштагы жээнин зордуктаган адам 15 жылга соттолду

Ош шаардык соту 11 жаштагы жээнин зордуктаган адамды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун токтомунда айтылгандай, ушул жылдын 10-августунда Х.В.В. төшөк кумарын кандыруу үчүн 2009-жылы туулган жээнин  өзү менен жыныстык катнашка барууга мажубарлаган. Жабырлануучу каршылык көрсөткөнүнө карабай күч колдонуп, кийимдерин чечип зордуктап салган. Андан соң окуяны бирөөгө айтпагын деп коркуткан.

Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын 4-сентябрдагы корутундусуна ылайык, жабырлануучу денесинен жеңил жараат алып, кыздык белгисинен ажырагандыгы аныкталган.

Ош шаардык сотунун 18-ноябрындагы өкүмү менен Х.В.В. күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү 1-сентябрдан баштап эсептелинип, оорусуна байланыштуу жазасын өтөгөн жериндеги медициналык мекемеден дарыланууга  милдеттендирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>