Ош шаарында 15 жашар кызды бир ай сексуалдык кулчулукта кармашкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Институтка кыз жана жактоочу Жахангир Сайфуллаев кайрылган. Анткени, өспүрүмдүн өмүрүнө коркунуч туулуп, аны сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүргөндүгү кабарланат.
«Аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп койобуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле, алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан», — дейт жактоочу.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин өспүрүмдүн укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды.
“Жашы жете элек жаш балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде баардык чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы абзел”, — деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.