Ошто 18–19-августта август педагогикалык форуму өтөт

18–19-август күндөрү Ош шаарында Кыргызстандын билим берүү тармагынын келечегин талкуулаган Август педагогикалык форум «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» өтөт. Иш-чараны Агартуу министрлиги уюштурат.
Форумга 400дөн ашуун катышуучу катышат: мектеп директорлору, мугалимдер, лицей жана бала бакча жетекчилери, Жогорку Кеңеш жана Президенттик администрация өкүлдөрү. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү — Азия Өнүктүрүү Банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк жана Ага Хан фонду катышат деп күтүлүүдө.
Программада салтанаттуу ачылыш, ноутбуктарды символикалык тапшыруу, STEM/STEAM долбоорлорунун көргөзмөсү, санариптик платформалар жана инклюзивдик практика көрсөтмөлөрү каралган. Панелдик талкууларда 12 жылдык билим берүү, бала бакча тарбиясы, жаңы окуу китептери, кошумча билим берүү жана кесиптик лицейлерди жаңылоо маселелери каралат.
Секцияларда педагогдор жана эксперттер тажрыйба алмашып, актуалдуу маселелерди чечүү жолдорун изилдешет. Ош шаарындагы билим берүү мекемелерине экскурсиялар уюштурулуп, жаңы ыкмалар кантип ишке ашырылып жатканын көрсөтөт.
“Форум билим берүүнү өнүктүрүүнүн кийинки кадамдары үчүн Резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталат. Бул иш-чара билим берүү системасын өзгөртүүгө багытталган идеялардын аянтчасы болуп саналат”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.