Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Иран менен Түркменистан биргелешип темир жол линиясын курат
15.08.2025 | 12:59

Иран менен Түркмөнстандын темир жол мекемелеринин жетекчилери Серахс чек ара станцияларынын ортосунда жаңы темир жол линиясын куруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу ирандык “Tasnim” маалымат агенттиги Иран темир жол ишканасынын башкы директору Жабар Али Закериге шилтеме берип, жазып чыкты.
Анын айтымында, долбоордо эки өлкөнүн чегиндеги Сарахс станцияларында бир стандарттык жана бир кенен темир жол тилкесин тартуу каралган.
Аталган макулдашуу Түркмөнбашы шаарында БУУнун деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча Үчүнчү конференциясынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жетишилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар