Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыЭнергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек
Чолпон-Атада «Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечеси» өтөт
15.08.2025 | 12:21

15–16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Ысык-Көлдүн жээгинде балет кечеси» өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Эки күндүк программада дүйнөлүк балет классикасынын шедеврлери жана белгилүү спектаклдер тартууланат. Кирүү акысыз.
График:
- 15-август — саат 19:00
- 16-август — саат 16:00
Иш-чаранын максаты – балет өнөрүн жайылтуу, жаш муунга искусствого болгон кызыгууну арттыруу жана Ысык-Көлдү эл аралык маданий аянтча катары таанытуу. Маданий кечелер өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен уюштурулууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият