Ошто 200дөн ашык ак элечекчен эненин жөө жүрүшү өттү

17.05.2024 | 14:13

Ош шаарында Энелердин күнүнө карата ак элечек кийген апалардын жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жөө жүрүшкө жалпы 200дөн ашык эне катышкан. Алар жөө жүрүштү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүшүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына чейин барышты.

Ал жерден Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартуулаган.

[image_carousel source=”media: 209574,209575,209576,209577,209578,209579,209580,209581,209582,209583,209584,209585,209586,209587″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат. Быйыл ал 19-майга туура келет.

Scroll to Top