Ошто 26 жаштагы кызды тоноп кеткен киши кармалды

26.08.2022 | 14:03

Ош шаарында адам тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 26 жаштагы арыз менен кайрылып, ал 23-август күнү жумуштан кийин И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан  өз үйүнүн подьездине кирип баратканда жашы 35-40 жаштардагы эркек киши артынан кирип, коркутуп, баш тарабына бир нече жолу уруп, колундагы Samsung Galaxy А12  үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, изин жашырып кеткендигин билдирген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн №3 милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 25-август күнү кылмышка шектүү делип 1982-жылы туулган М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аны кармоо учурунда жабырлануучунун телефону жанынан чыккан. Шектүү мурда бир нече жолу уурулук жасагандыгы үчүн соттолгон.

Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү бул жарандардан жабыркагандар болсо  03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышка чыгууну суранат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top