ЕАЭБ: Жапаров өкмөт башчыларынын жыйыны боюнча билдирүү жасады

ЕАЭБ: Жапаров өкмөт башчыларынын жыйыны боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.

Акылбек Жапаров билдирүүсүндө жыйында кайсы маселелер каралганы тууралуу айтып өттү. Ал белгилегендей кеңешмеде төмөнкү маселелер талкууланды:

– Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.

«Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды», — деди ал.

Анын айтымында, өкмөт башчылар жыйындын соңунда тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

«Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү. Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди ал.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь жана Армения мүчөлүк кылат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин келерки жыйыны Арменияда 20-21-октябрда өтөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>