Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ошто очогунда 4,5 балга жеткен жер тититрөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрда саат 16:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

 Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>