Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусу асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда окуя, кечээ, 25-июлда Ноокат районунун айылдарынын биринде болгон. Анда окуучу асынган абалда табылган.
Ош ОИИБи учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз