Дизайнер Барби куурчагынын кыргызча версиясын жасады

Дизайнер Барби куурчагынын кыргызча версиясын жасады

Дизайнер Аида Сулова «Барби» тасмасынан шыктануу менен куурчактын кыргызча вариантын жасап, аны Чыңгыз Айтматовдун повестиндеги каармандын урматына Жамиля деп атады.

Сүрөтчү кыргыз Барбиси үчүн куурчакты атайын азиялык өзгөчөлүктөр менен тандаган. Куурчактын бетиндеги макияжды өчүргөндөн кийин Сулова өзүнүн жаңы өзгөчөлүктөрүн тарткан. Дизайнер 1968-жылы тартылган ушул эле аталыштагы тасмадагы Жамилянын образын негиз кылып алып, ага кийим жана бут кийим тиккен.

«Менин балалыгым Казакстандын талааларында өттү. Атам ошол жерде казак чабандарынын тиштерин дарылачу. Алар Мая аттуу уйду белекке беришкен. Ошондуктан, бардык «оюнчуктардын» ичинен мен аны эстейм. Мен үчүн куурчак менен ойноо чет элдик тажрыйба. Барби үчүн да костюм жасоо мен үчүн кыйын болду”, — деп жазды Сулова Instagram баракчасына.

Белгилей кетсек, Барби куурчактарын чыгаруучу Mattel компаниясынын коллекциясында «Дүйнөнүн куурчактары» линиясы бар.

2023-жылы гендердик теңсиздик көйгөйлөрү жана патриархалдык дүйнөдө аялдардын орду тууралуу баяндаган «Барби» тасмасы жарык көргөн. Тасма кызгылт түстөгү феминисттик манифестке айланган.

Барби дүйнөдөгү эң популярдуу куурчак деп эсептелет. Барби биринчи жолу 1959-жылы 9-мартта Нью-Йорктогу көргөзмөдө сунушталган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Aida Sulova (@aidasulova)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>