Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Ошто беш жаран бараткан унаа жолдон чыгып, даракты сүздү
14.12.2023 | 22:34
Ош облусунда жол кырсыкка кабылган беш жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-декабрда Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги даракка урулган. Ичинде 3 аял, 2 жаш бала болгон.
Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын автоунаасы менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар