Мектепке кеткен бойдон дайынсыз. 12 жашар Сыргак Асанов изделүүдө

Мектепке кеткен бойдон дайынсыз. 12 жашар Сыргак Асанов изделүүдө

Чүй облусунда 2011-жылы туулган Асанов Сыргак Нурланович изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланын жакындары милицияга кайрылышкан.

Алардын айтымында, 11-декабрь күнү түшкү саат бирлер чамасында Сыргак үйүнөн Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылындагы мектепке чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилери: бою 150-155 см, арык денелүү, көзү күрөң, оң көзүнүн жанында меңи бар, чачы кыска кара.

Кийген кийими: кара куртка, кара свитер, кара спорттук шым жана кроссовка, ошондой эле боз рюкзак болгон.

Милиция Сыргак Асановдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 03132-5-21-47; 0312-61-69-07 (нөөмөт бөлүмү); 0700-61-69-07, 0709-50-29-55, 0505-76-88-76 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>