Ошто ишкер аялды уурдаган шектүүлөр кармалды

Ошто ишкер аялды уурдаган шектүүлөр кармалды

Адам уурдоого шектүү катары 3 киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-апрель күнү болжол менен 22:00до Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам жабырлануучуну (аял киши)  чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкен. Автоунаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болгон. Адамдар жок талаада аны күч колдонобуз деп коркутушкан.

Бул факты боюнча 170-берене (Адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш баштаган.

11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Алай районунун жашоочусу 38 жаштагы А.Э. аттуу шектүүнүн башкаруусундагы “Mitsubishi” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган.

Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар Кара-Кулжа районунун 43 жаштагы тургуну А.С. менен Алай районунун 39 жаштагы П.С. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенери айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>