Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Ошто каракчылыкка шектелип 29 жаштагы жаран кармалды
29.10.2022 | 11:35
Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылык жасоого шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Кара-Суу районунун 52 жаштагы А.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 23-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:00до белгисиз адам үйүнө кирип, коркутуп, уруп анын 47 миң сом акчасын алып, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
26-октябрь күнү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, каракчылыкка шектелип Ноокат районунун 29 жаштагы Д.Ж. уулу аттуу тургуну Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом