Москвада кармалып, Бишкекке алынып келген Илгиз Шаменов элге кайрылды

Москвада кармалып, Бишкекке алынып келген Илгиз Шаменов элге кайрылды

Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келген активист Илгиз Шаменов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Шаменов, ал саясий негизде ачылган иш боюнча кармалганын, Бишкек шаардык милициясына суракка алынып келгенин билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, мени Москва шаарынан Кыргызстанга алып келишти. Азыркы учурда Бишкек шаардык милициясында саясий даярдалган иш боюнча сурактамын. Бизге «массалык башаламандыктарга даярдык көрүү» деп асмандан алып, жалаа жаап кайдагы беренени коюп жатышат. Урматтуу элим мени камап коюшат, бирок мен сиздер менен! Кыргыз элинде 31 жылдык тарыхыбызда мындай пастык, акылсыздык, адилетсиздик болгон эмес! Мейли, мени камагыла, башканы камагыла, бирок чындыкты эч убакта камай да, жогото да албайсыңар», — деп жазды ал.

Шаменовдун айтымында, 29-октябрда саат 11:00до Биринчи май сотунда анын баш коргоо чарасы каралат.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов менен бирге Москвада кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова да Кыргызстанга алынып келген. Илгиз Шаменов менен Орозайым Нарматова Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, элди тынчтык митингдерге чыгууга чакырып келген.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>