6-апрель: Айрым аймактарда жаан жаайтКазакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Ошто кичи автобустун айдоочусу сарайды сүзүп, бир адам каза болду
18.08.2022 | 09:31
Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Байыш айылынын Көк-Бел көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, сарайды сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болуп жана 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.
Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал