Ислам оюндары: Эки кикбоксчу күмүш жана коло байге алды

Ислам оюндары: Эки кикбоксчу күмүш жана коло байге алды

Түркияда өтуп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кыргызстандык эки кикбоксчу күмүш жана коло байге алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

60 килограм салмакта Адилет Улан уулу күмүш байге алган. Алгачкы беттеште ал азербайжандык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда иорданиялык мушкерден күчтүү чыккан. Ал эми алтын үчүн беттеште түркиялык мушкерден жеңилип, 2-орунду ээледи.

Коло байгени 71 килограмм салмакта Аброр Хакимов алган. Спортчу 1/8 финалда казакстандык балбанды, ал эми чейрек финалда түркмөнстандык балбанды жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда түркиялык балбанга утулуп 3-орунду ээледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>